Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:29

Классикалык музыка фестивалы аяктады


Бишкекте Эл аралык классикалык музыка фестивалы жыйынтыкталды. Фестиваль 5-октябрь күнү Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында башталып, кечээ Улуттук консерваториянын чоң залында соңуна чыкты. Немис композитору Рихард Вагнердин 200 жылдыгына арналган бул маданий иш-чараны Хусейин Мухтаров атындагы музыкалык театр уюштурган. Үч күнгө созулган концертке Геттингем симфониялык оркестринин дирижеру Кристоф-Маттиас Мюллер, Түркиялык үч сопрано: Эсин Талинли, Чедэли Онол, Финда Атешоглу жана белгилүү пианист Игорь Четуев келди. Фестиваль жүрүшүндө Вагнердин айтылуу “Канаттуу голланд”, “Кудайлар күүгүмү”, “Лоэнгрин” чыгармаларынан тышкары дүйнөгө атагы чыккан башка композиторлордун чыгармалары да жаңырды. (ST/BkA)

XS
SM
MD
LG