Мындай маалыматты Баткен районунун акими Сейтмурат Калыков «Азаттыкка» билдирди. Баткен району боюнча буга чейин 15 бала бакча иштеп турган болсо, Баткен облусунун 13 жылдыгына карта дагы 5 айылда бала бакчалар ишке түшөт. Жалпы 20 бала бакчага бир жарым миңден ашуун бала тартылат. Имараттарды куруу, оңдоп-түзөө, уюштуруу иштерин жергиликтүү бийлик жасап, эмеректер менен камсыздоону эл аралык каржылык уюм колго алган. (JsA)