Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:45

Камактагы депутаттарды “баатыр энелер” колдоп чыкты


Жалал-Абаддан келгенин айтып, өздөрүн "баатыр энебиз" деп тааныштырган он беш чамалуу улгайган аял Бишкектеги Ак үйдүн алдына чогулуп, камактагы депутаттарды бошотууну талап кылууда. Алар президент менен жолугуу ниетин билдиришүүдө. “Азаттыктын” кабарчысы маалымдагандай, "баатыр энелерди" президенттин аппарат жетекчисинин милдетин аткаруучу Данияр Нарынбаев кабыл ала турган болду. Ушул тапта Жалал-Абадда эки айга камакка алынган парламент депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовду колдогон митинг уланууда. (ZB/KKs)

XS
SM
MD
LG