Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:24

Жалал-Абаддагы митинг аяктады

Жалал-Абад шаарында камактагы депутаттарды колдоп митингге чыккандар тарап кетишти. Бул тууралуу “Азаттыкка” депутаттарды коргоо комитетинин Жалал-Абад облусу боюнча төрагасы Рашит Сулайманов билдирди. Анын айтымында, митингдин соңунда кабыл алынган президентке кайрылуу өкмөттүн Жалал-Абаддагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жусубалы Төрөмаматовго тапшырылды. Чогулгандар президент Алмазбек Атамбаевден жооп келбесе, нааразылык акциясы уланат деп эскертишти. Уюштуруучулар бүгүнкү митингге 5 миңден ашуун адам катышканын айтышууда. Айрым байкоочулар катышуучулардын саны 2 миңден ашканын билдирүүдө.

3-октябрда Бишкектеги Ак үй алдында чыккан башаламандыктан кийин депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовго кылмыш иши козголуп, эки айга камакка алынган. (YA/KKs)
Куржундар
XS
SM
MD
LG