Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:33

Кыргыз драма театрында жаңы сезон ачылат


9-октябрдан тарта Бишкектеги Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз драма театрында 85-театралдык сезон башталат. Театр жетекчилиги жаңы сезонду “Манастын уулу Семетей” спектакли менен ачканы турат. Драматург Жалил Садыковдун калемине таандык бул чыгарма 80-жылдары Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкты жеңип алган. Быйыл бул спектаклдин сахнада коюлганына 30 жыл толот. Бир айга созулган сезон учурунда көрүүчүлөр мурда коюлбаган Гоголдун “Үйлөнүү”, Асанбүбү Абдыгулованын “Бурулча” спектаклдерине да күбө болушмакчы. (AJ/ST/KKs)

XS
SM
MD
LG