Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:07

Чүйдө аскердин өлүмү боюнча эки адам сурак берүүдө


Ново-Покровкадагы аскер бөлүгүнө тиешелүү чек ара туругунда кызмат өтөгөн 20 жаштагы Чыңгыз Нурланбек уулунун өлүмү боюнча эки аскер сурак берүүдө. Аталган аскердик бөлүктөн “Азаттыкка” билдиришкендей, суракка алынгандар аскердик кызматка бир жыл мурда келишкен. 5-октябрда өзүн-өзү атып өлтүрдү делген Чыңгыз Нурланбек уулу болсо ушул жылдын май айынан тарта кызмат өтөй баштаган.

Маалыматка ылайык, былтыр аймактагы Милянфан чек ара туругунда да бир аскер өзүн-өзү атып өлтүргөн. Бирок ал окуя аскердин үй-бүлөсүндөгү чыр-чатактар менен байланыштырылган. Жыл башынан бери Кыргызстандагы чек ара туруктарында жалпы 19 өлүм катталды. (EBM/KKs)

XS
SM
MD
LG