Көгүлтүр отун өчүшүнө дүйшөмбү күнү жикчил Күрт жумушчу партиясы - ПККнын Түркиянын түштүгүндө газ куурун жардырганы себеп болгонун түрк маалымат булактары кабарлашты. Маалыматка караганда, газ куурундагы жардыруудан кеңдиги 50 метр жана тереңи үч метр чукур пайда болгон. Өткөн бейшемби күнү Баку-Тбилиси-Ерзурум газ куурунун Түркия бөлүгүндө жардыруу болуп, Азербайжандан көгүлтүр отун ташуу убактылуу токтогон. Май айында да Азербайжан-Түркия газ кууру жардырылган. Ушундан улам сентябрда азербайжан, грузин жана түрк аскерлери газ куурун күзөтүүнү жакшыртууга арналган аскерий машыгуу өткөргөн. ПККнын согушчандары 30 жылдан бери Түркиянын түштүк-чыгышында өз мамлекетин куруу үчүн согушуп келет. Алар уюштурган зобундарда 45 миңдей адамдын каны төгүлдү.