Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:34

Прагада Марина Цветаеванын борбору ачылат


Марина Цветаева (солдо) Прагада, 1923-жыл.
Марина Цветаева (солдо) Прагада, 1923-жыл.
XX кылымдагы улуу орус акындарынын бири Марина Цветаеванын төрөлгөнүнө бүгүн 120 жыл толду. Буга байланыштуу Чехиянын борбору Прагада “Марина Цветаеванын борбору” ачылат. Бул тууралуу “Азаттыкка” бүгүн Цветаеванын Прагадагы коомунан кабарлашты.

1922-1925-жж.аралыгында Цветаева Чехияда үй-бүлөсү менен жашаган. Алгач Прагада, кийин борборго жакын жердеги Вшеноры шаарчасында каражаттын тартыштыгынан ага кыйынчылыкта күн өткөрүүгө туура келет. Акын Чехияны өзгөчө жакшы көрүп калганын кийин каттарында, ушул мезгил аралыгында жаралган “Чехияга ырлар”, “Тоолор” поэмасында таамай сүрөттөйт.

Өткөн аптада (6-октябрда) Вшеноры шаарында Цветаеванын урматына от жагылып, анын ырлары окулду. Чехиядагы “Цветаева коому” бул өңдүү иш чараны былтыр алгачкы ирет өткөргөн болчу. (TD)

XS
SM
MD
LG