Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:04

Бишкек-Ош жолунун буулушу боюнча кылмыш иши козголду


Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы өткөн аптадагы Бишкек-Ош жолунун тосулушу боюнча кылмыш ишин козгоду. Ички иштер министрлигинин түштүк аймагы боюнча басма сөз кызматынын өкүлү Таалайбек Суусунбаев кылмыш иши "өзүм билемдик" беренеси боюнча ачылганын "Азаттыкка" кабарлады. Маалыматка ылайык, иликтөө амалдары аяктагандан кийин тиешелүү адамдар жоопко тартылышы мүмкүн.

Өткөн аптада Камчыбек Ташиев баштаган депутаттардын кармалышына нааразылык билдирген Сузактагы Барпы айылынын тургундары Бишкек-Ош жолун тоскон болчу. (KKs)

XS
SM
MD
LG