Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:42

Нобель сыйлыгы жапон жана британ илимпоздорго ыйгарылды


Быйылкы жыл үчүн медицина жана физиология боюнча Нобель атындагы сыйлык жапон Синя Яаманакага жана биритан Жон Гердонго ыйгарылды. Стокольм шаарындагы Каролин институтундагы Нобель комитетинин мүчөсү Геран Ханссондун билдиришинче, эки илимпоз “өсүп жетилген клеткаларда тышкы эмбриондук эмес, түрдүү сөңгөктүк клеткаларга айланып кетсе аларын же плюрипотенттүү экенин” таап далидешкен. Дүйнөдөгү эң кадыр-барктуу сыйлык 15-октябрга чейин дагы беш тармак боюнча ыйгарылат. Нобель фонду финансы рыногундагы оор абалдан улам сыйылыкка берилчү акчаны 20 процентке азайтканын эскертти. Ошондо да сыйылык акчанын суммасы 1, 2 миллион долларга тете болот. Сыйылык лауреаттарга 10-декбарда, швециялык өнөр жайчы Альфред Нобель көз жумган күнү тапшырылат. Нобель сыйлыгы 1901-жылдан тарта берилет.

XS
SM
MD
LG