Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:16

Түлеевдин баш коргоо чарасы каралганы жатат


Ушул тапта Бишкектеги Биринчи май райондук сотунда депутат Нариман Түлеевдин баш коргоо чарасы каралганы жатат. Бул маалыматты анын адвокаты Кубанычбек Ташбалтаев “Азаттыкка” тастыктап, сот жараяны Түлеевди алып келери менен башталарын кабарлады. Анын айтымында, соттун алдында депутаттын жактоочулары топтолуп турушат. Маалыматка ылайык, мамлекеттик айыптоочу Нариман Түлеевдин камактагы мөөнөтүн 15-ноябрга чейин узартууну соттон өтүнүүдө. Коррупцияга шектелген Түлеевдин камактагы мөөнөтү 15-октябрда соңуна чыгышы керек эле. (KKs)

XS
SM
MD
LG