Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:27

Кумтөрдү иликтеген комиссиянын корутундусу ноябрда чыгат


Кумтөр алтын кениндеги абалды иликтеген мамлекеттик комиссиянын корутундусу 15-ноябрдан кийин белгилүү болот. Бул тууралуу Экономика министри Темир Сариев комиссия мүчөлөрүнүн Жети-Өгүз районунун тургундары менен бүгүнкү жолугушуусунда билдирди. Анын айтымында, корутундунун кечеңдешине Кумтөрдөгү фабриканын убактылуу токтоп калганы себеп болгон. Мамлекеттик комиссия өз жыйынтыгын октябрь айында бериши керек эле.

Жети-Өгүздөгү бүгүнкү жыйынга жергиликтүү тургундар, район жетекчилери катышты. Тургундардын көпчүлүгү экология жана Кумтөргө берилген жерлердин маселесин көтөрүштү. Комиссия мүчөлөрү Кумтөр алтын кениндеги абал боюнча ачык-айкын жыйынтык чыгат деп ишендиришти.

Эртең комиссия мүчөлөрү кендин өзүнө барып, андан кийин Нарын облусундагы тургундар менен жолугушмакчы. (BuS/KKs)

XS
SM
MD
LG