Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:41

Афиныда Меркел келээрде дагы массалык демонстрациялар күтүлөт


Германиянын канцлери Ангела Меркелдин визити алдында Грециянын баш калаасында жети миңдей тартип коргоочу жайгаштырылды. Европа Биримдиги менен Валюта корунан чукул жардамын алуу үчүн социалдык каржылоону кескин кыскартууну талап кылган планды кабыл алууга мажбурлаган деп Грецияда көп киши Меркелди жаман көрөт. Бүгүн Меркел Афиныга алты саатка келгенде ири демонстрациялар болуп, тополоң чыгышы күтүлүүдө. Грецияда кечээ кечинде Каржы министрлигинин алдындагы борбордук аянтта нааразылык акциясы өтүп, кесиптик кошуундар бүгүн Меркел өкмөт башчысы Антонис Самарс менен жолуккан маалда үч саат иш таштоого чакырышкан.

XS
SM
MD
LG