Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:23

Иванишвили өкмөттүн курамын жарыялады


Грузияда өткөн аптадагы шайлоодо парламентте көпчүлүктү жеңип алган «Грузин кыялы» коалициясынын жетекчиси Бидзина Иванишвили өз кабинетинде кимдер кайсы министрликти жетектээрин жарыялады. Кечээки билдирүүсүндө ал мурдагы коргоо министри, Грузиянын БУУдагы мурдагы элчиси Иракли Аласанияны коргонуу министрлигине дайындады. Мурда Грузиянын Германия менен Голландиядагы элчиси болгон Мая Панжикидзе тышкы иштер министрлигине көрсөтүлдү. Жаңы кабинетте миллиардер Иванишвили өзү премьер-министр болот. Анын талапкердигин жактыруу үчүн парламентте колдоо жетиштүү: 1-октябрдагы шайлоодо «Грузин кыялы» 150 орундуу парламентте мандаттардын 83үн утуп алган.

XS
SM
MD
LG