Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:47

Казакстанда оппозиция лидери жети жарым жылга кесилди


Владимир Козлов дүйшөмбү күнкү сот ишинде жети жарым жылга эркинен ажырады. Аны менен кошо оппозиция активисттери Серик Сапаргали менен Акжанат Аминовдор төрт, үч жылдан шарттуу кесилди. Үчөө кечээ мыйзамсыз топ түзүп, коомдук жек көрүүчүлүктү козуткан жана бийликти күч менен басып алгысы келген деп табылган эле. Алардын соту 2011-жылдын декабрындагы Жаңы-Өзөн шаарындагы демонстрацияда 17 кишинин атылышына байланышкан. Оппозициядагы "Алга" партиясын жетектеген 52 жаштагы Козлов сот ишин саясий заказ деп мүнөздөгөн.

XS
SM
MD
LG