Бүгүн Кыргызстанга Европа футбол ассоциациялар бирикмесинин (УЕФА) президенти Мишель Платини келет. Платини өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев жана футбол федерациясынын өкүлдөрү менен жолугуп, Кыргызстандагы футболду өнүктүрүү маселелерин талкуулайт. Кечинде болсо алгач ирет өтүп жактан кыргыз футболунун “Легенда кубогу” аттуу беттешине күбө болот. Анда көп жылдык тарыхы бар Бишкектин “Алга” жана Оштун “Алай” командалары беттешет.
Мишель Платининин сапары 10-октябрда аяктайт, ал андан ары Тажикстанга жөнөп кетээри кабарланды. Мишель Франсуа Платини УЕФАнын экинчи мөөнөткө шайланган президенти. “Алтын топ” сыйлыгын үч жыл катарынан алган дүйнөдөгү жалгыз футболчу. Ал ХХ кылымдагы эң мыкты 10 футболчунун арасына кирген француз футболчусу жана машыктыруучуcу катары белгилүү.(BkA)