Бүгүн Бишкек шаардык соту пара менен кармалган социалдык өнүктүрүү министринин мурдагы орун басары Гүлнара Дербишованы үй камагына чыгарды. Бул тууралуу анын адвокаты Искендер Журабаев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, сот Дербишеванын алты баласы, майып жолдошу бар экенин жана тергөөгө тоскоол кылбай турганын эске алды.
“Буга чейин Дербишеванын камактагы мөөнөтүнүн узартылышына “тергөөгө тоскоолдук кылышы мүмкүн” деген жүйөөлөр себеп болгон. Бүгүнкү күндө ал жүйөөлөр жоюлду. Анткени тиешелүү күбөлөрдүн бардыгы суралып бүткөн. Сот мындан ары Дербишева тергөөгө тоскоолдук кылбайт жана соттон качып кетпейт деген чечимге келди”,-деди Журабаев.
Маалыматка ылайык, Гүлнара Дербишева 40 күн камакта өткөрдү. Анын камактагы мөөнөтү 30-октябрда аягына чыкмак.
Улуттук коопсуздук комитетинин алдындагы Коррупцияга каршы кызмат 31-августта Гүлнара Дербишеваны 7 миң доллар пара менен кармаган. Маалыматта Дербишева Социалдык өнүктүрүү министринин орун басары болуп турган учурда чет өлкөгө бала асыроо боюнча сынакка катышкан чет элдик уюмдан 30 миң доллар пара алгандыгы белгиленген. (KKs)