Дүйнөлүк экономика алсыз бойдон калууда жана келерки жылы жай өсөт деп болжолдонууда. Эл аралык валюта кору - МВФтин соңку жарыяланган эсептөөсүнө караганда, быйыл глобалдык экономика 3,3 процентке өсөт. Бул январда жасалган прогноздон 0, 2 процентке аз. Европа менен АКШнын саясатчылары ата мекендик экономиканы бутуна койчу күчтүү чара кабыл алмайын, дүйнөлүк экономика кризистик абалдан чыга албайт, деп эскертилет МВФтин докладында. Ошондой эле Евромейкиндиктин ички дүң жыйымы 0, 4 процентке ылдыйлайт, АКШда салык көбөйтүлүп, бюджеттик чыгымдар кыскартылгандан улам экономика оор абалга кабылышы мүмкүн экени айтылат. МВФтин докладында Кытай, Индия, Орусия, Бразилия сыяктуу тез өнүгүп бараткан мамлекеттердин экономикалык өсүшү басаңдайт деп белгиленет.