Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:00

Нурбек Эгендин фильми “Оскар" сыйлыгына расмий талапкер


Лос Анжелестеги АКШнын киноакадемиясынын сынагына 71 өлкөдөн фильмдер коюлду. Сынакка буга чейин мындай көп тасма катышкан эмес.“Эң мыкты чет элдик фильм” номинациясына көрсөтүлгөн көркөм тасмалардын арасында Азербайжан, Ооганстан, Казакстан, Орусия, Украина жана башка өлкөлөрдөн, анын ичинде кыргыз режиссеру Нурбек Эгендин “Ээнсиреген үй” тасмасы да бар. Академия мүчөлөрү береги фильмдердин ичинен эң мыкты бешөөсүн тандап, 10-январда “Оскар” сыйлыгына сунуш кылат. “Оскар” сыйылыгы кинодүйнөсүндөгү эң барктуу байге. Эң мыкты делген фильм 24-февралда билинет. Былтыр чет элдик фильмдердин сынагында Ирандын “Ажырашуу” деген фильми жеңген.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG