Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:46

Франциялык жана америкалык физиктер Нобель сыйлыгына татыды


2012-жылдын физика илими боюнча Нобель сыйлыгы франциялык Серж Арошко жана америкалык Дэвид Вайнлендге ыйгарылды. Швециянын падышалык академиясынын маалымдашынча, лауреаттар жүргүзгөн эксперименттер “айрым бир кванттык системаларды түздөн түз байкоого жана аларды кыйратпай туруп башкарууга жол ачкан”. Швециялык өнөр жайчы Альфред Нобель негиздеген сыйылык обол 1901-жылы илимдеги ири ачылыштар үчүн ыйгарылган. Дүйнөдө өтө абройлуу эсептелген сыйылык жаңы лауреаттарга 10-декабрда - Нобель о дүйнө көчкөн күнү тапшырылат.

XS
SM
MD
LG