Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:11

Азери жарандары "террорчу" деп соттолду


22 Азербайжан жараны Бакудагы Кошмо Штаттардын жана Израилдин элчиликтерине кол салууну пландаштырды деп айыпталып, ар бири 10 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратылды. Азери жарандары Ирандын элиталык Ынкылапчыл гвардиясы менен байланышы бар деп шектелип, март айында камакка алынган эле. Ички иштер министрлигинин кабарлашынча, AK-47 маркасындагы Калашников автоматтары жана башка куралдар, жардыргыч заттар табылган. Баку-Тегеран мамилеси февралда Азербайжан Израилден 1,6 млрд долларга курал сатып алганы маалымдалгандан кийин осолдоп кетти. Февралда Иран тарап Азербайжанды Израилдин чалгынчыларына өз жеринде шпиондук кылганга уруксат берүүдө деп айыптаган.

XS
SM
MD
LG