Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:04

Эгембердиев: Уурдалган балдар чет өлкөгө сатылышы мүмкүн


Уурдалган наристелер жасалма документтер менен чет өлкөгө сатылып кетиши мүмкүн. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Дайынсыз жоголгон балдардын ата-энелери” коомдук бирикмесинин жетекчиси Бакыт Эгембердиев маалымдады. Ал айрым мамлекеттик мекемелер чет өлкөлүктөр менен жашыруун иштешип, ата-энелүү балдарды деле сатып жиберүүгө аракет кылышканын айтууда.

"Учурда Кыргызстанда чет өлкөгө кете турган 304 бала бар экен. Алардын документтери менен таанышууга Социалдык коргоо министрлиги уруксат бербей жатат",-деди Бакыт Эгембердиев.

Социалдык коргоо министринин орун басары Эдил Байсалов "Асырап алуунун сырдуулугу" мыйзамына ылайык, 304 баланын документи жашыруун сакталарын, аны милиция же прокуратура кызматкери гана көрүүгө укуктуу экенин “Азаттыкка” билдирди.

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, жыл башынан бери Кыргызстанда 48 бала дайынсыз жоголгон. (ST)

XS
SM
MD
LG