Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:32

Орусия Украинаны Бажы Союзу менен азгырууда


Украина эгер Орусия, Беларус, Казакстан курамындагы Бажы союзуна кошулса, Орусиядан келчү газдын баасы бир кыйла арзан болот. Украин премьер-министри Николай Азаров 9-октябрда билдиришинче, "Орусия эгер Бажы союзуна кирчү болсоңор, эртең эле 1000 куб метр газды 160 доллардан сатып аласыңар" деген шарт койгон. Украина ушу тапта 1000 куб метр газ үчүн Орусияга орточо 420 доллар төлөйт. Премьер-министр Азаровдун айтышынча, Күнкорсуз мамлекеттер шериктештигинин Бажы союзуна кошулуу “Украинанын улуттук кызыкчылыгына жооп берет.”

XS
SM
MD
LG