Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:07

Саакашвили бийликти каада менен өткөрүп берет


Грузия президенти Михаил Саакашвили - бийлик жаңы өкмөткө тынч өткөрүлүп берилерин жалпы журтка жар салды:

- Мен Конституциянын гаранты болгон президент катары ишендирем: бийликти өткөрүү эч кемчиликсиз, Грузия тарыхындай мурда эч болуп көрбөгөндөй каадада жана Грузия элинин кызыкчылыктарын урматтоо менен, өлкөдө калыптанган демократиянын алкагында өтөт.

Саакашвили билдирүүнү “Грузия кыялы” биримдигинин лидери Бидзина Иванишвили менен шаршемби күнү кездешкен соң жасады. Иванишвили баштаган коалиция 1-октябрда болгон жалпы элдик шайлоодо парламенттеги 150 орундун 83үнү уткан. Премьерлик орунга отурчу Иванишвили Грузиянын тышкы саясаты боюнча анын көз карашы Саакашвилиникине окшош экенин, өлкөнүн НАТОго жана Евробиримдикке кошулуусуна умтулаарын айтты. Кезешүүдө эки саясатчы эмне маселе талкуулашканы маалымдалган жок.

XS
SM
MD
LG