Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:29

“Легенда кубогуна” “Алай” командасы ээ болду


Бүгүн Бишкекте кыргыз футболунун “Легенда кубогу” үчүн беттеште Оштун “Алай” командасы Бишкектин “Алга” командасын утуп, кубоктун ээси болду. Оюндун негизги бөлүгүндө командалар 2:2 эсебинде тең чыкты. Ал эми пенальтиде “Алайдын” футболчулары артыкчылык көрсөтүп 7: 5 эсебинде жеңишке жетишти.

Бул оюнга бүгүн Кыргызстанга келген УЕФАнын президенти Мишель Платини күбө болуп, жеңүүчү командага кубокту тапшырды.

“Легенда кубогу” үчүн беттеш Кыргызстанда алгач ирет өтүп жатат. Ал УЕФА президентинин Кыргызстанга сапарынын урматына көп жылдык тарыхы бар командалар арасында атайын уюштурулду.

Европа футбол ассоциациялар бирикмесинин (УЕФА) президенти, даңазалуу футболчу Мишель Платини Кыргызстанга бүгүн түшкө жуук келди. Ал өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевдин кабыл алуусунда болуп, Кыргызстандагы футболду өнүктүрүү маселелерин талкуулады. Анда Платини УЕФА Кыргызстандагы улуттук футбол федерациясын керектүү жабдыктар менен камсыз кылып, футболчуларды окутууга даяр экенин билдирди.(BkA)

XS
SM
MD
LG