Бюжеттик каражатты ашыкча сарптаган өкмөттөрдүн жазасын күч алдырууну караган европалык финансылык келишимди Улуттук жыйын добуштардын 477-70 катнашы менен жактырды. Келишимге солчулдар, анын ичинде Франсуа Оланддын Социалисттик партиясы каршы чыкты. Сенатта келишим бүгүн колго салынат. Францияда ондогон жылдардан бери тең салмактуу бюжет болгон эмес, өлкө бюжет тартыштыгы ички дүң өндүрүшүнүн 3 пайызынан ашпаш керек деген европалык талапты аткарбай келет. 2011-жылы Франциянын бюжет тартыштыгы Ички дүң өңдүрүшүнүн 5.2 пайызын түзгөн. Евроаймакка кирген башка өлкөлөр да бул эрежени сактабай келишет.