15-октябрда Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмунун улуттук азчылыктар боюнча жогорку комиссары Кнут Воллебек Кыргызстанга келет. Бул тууралуу “Азаттыкка” Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Воллебек сапарынын жүрүшүндө президент Алмазбек Атамбаев, баш болгон өлкө жетекчилери менен жолугуп Ош, Жалал-Абад облусуна жана Токмокко барып, улуттук азчылыктардын өкүлдөрдүн жашоо-турмушу менен таанышат.
Буга чейин июл айында Бишкекке келген Бириккен улуттар уюмунун адам укуктары боюнча жогорку комиссары Нэви Пиллэй Кыргызстанда улуттук азчылыктарды дискриминациялоо маселелери бар экенин айтып, өлкө жетекчилерин буга көңүл бурууга чакырган.(BkA)