Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:51

Парламентте комитеттердин жаңы түзүмү иштелип чыкты


Жогорку Кеңештеги коалициялык көпчүлүк профилдик комитеттердин жана Аппараттын жаңы түзүмүн иштеп чыкты. Бул тууралуу бүгүн Парламент жыйынында коалицияга кирген “Ата Мекен” фракциясынан депутат Карганбек Самаков билдирди. Бул тууралуу маалымат бүгүн депутаттарга таратылып берилет. Ал эми 11-октябрда бул маселе Жогорку Кеңештин күн тартибине киргизилиши керек.

Буга чейин депутат Нарынбек Молдобаев комитеттердин жаңы түзүмү бекитиле элек болгондуктан толук кандуу иштебей жатышканын белгилеген болчу. Учурда Жогорку Кеңеште 13 тармактык комитет иштеп жатат. Бул кандай болуп өзгөрөрү айтылган жок. (КЕ)

XS
SM
MD
LG