Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:37

Польшалык компания малды идентификациялоого жардам берүүгө макул


Бул тууралуу “Азаттыкка” Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин өкүлү Асанкул Эгембаев билдирди. Анын айтымында, Кыргызстанда малды идентификациялоого 2 млн. доллардай каражат керек болот. Министрлик Сүт өндүрүүчүлөр ассоциациясынын жана тиешелүү мекеме өкүлдөрү менен бирге буга байланыштуу жеке мекеме түзүү, донор издөө маселесин талкуулады. “Сүт азыктарын жана эт сатуу үчүн малга паспорт берүү Евростандартка ылайык эреже болууда. Башка жол жок”, - деди Эгембаев.

3-октябрдан тарта казак тарап Кыргызстандан ташылган сүт азыктарына тыюу салган. Казакстан мындай кадамга кыргыз тарап өзүнө жүктөлгөн милдеттемелерди аткарбай койгону үчүн барганын билдирген. Казакстан Кыргызстанда малды идентификациялоо тууралуу мыйзамды кабыл алмайын, сүт азыктарын өткөрбөй турганын билдирүүдө.

Буга чейин малга паспорт берүү маселесин 2009-жылы вице-премьер-министр кезинде Акылбек Жапаров көтөрүп чыгып, сынга кабылган болчу. (КЕ)

XS
SM
MD
LG