Бул тууралуу “Азаттыкка” Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Нурмамат Ашымов кабарлады. Анын айтымында, шайлоочу шайлоого он үн калганга чейин атын тактап, тизмеге киргизүү боюнча аймактык комиссияга арыз жазышы керек. Эгер шайлоо күнү аты-жөнү негизги тизмеде жок болсо же фамилия, аты ката жазылып калса ал жаран шайлоо укугунан ажырайт. Кошумча тизме 2011-жылы алынып салынган.
25-ноябрда жалпысынан Кыргызстандагы 416 айылдык кеңешке жана 25 шаардык кеңешке депутаттарды шайлоо болот. Анын ичинде Бишкек шаардык кеңешке да жаңы депутаттар шайланмакчы. Андан соң кеңештин депутаттары шаар мэрин шайлашмакчы. (КЕ)