Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:54

Кожоналиевдин жакындары ачкачылык жарыялады


Бийликти басып алуу аракетине көмөктөшкөн деген айып тагылып, эки айга камалган коомдук ишмер Кубатбек Кожоналиевдин кызы Дания Кожоналиева жана дагы үч киши ачкачылык жарыялады. Алар Кожаналиев мыйзамсыз кармалганын айтып, бошотулушун талап кылып жатышат.

3-октябрда “Ала-Тоо” аянтында Кумтөр алтын кенине байланыштуу митинг болуп, аягы Ак үйгө чабуул менен аяктаган. Буга байланыштуу митингдин уюштуруучулары ЖКдагы “Ата-Журт” фракциясынын мүчөлөрү Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовго “Конституциялык бийликти кулатууга аракет жасаган”, “Бийликти басып алууга аракет жасаган” деген беренелер боюнча кылмыш иши козголуп, УКМКнын тергөө абагына эки айлык мөөнөткө камалган.

Бул митингди алып барган Кубатбек Кожоналиев 5-октябрда кармалып, УКМКнын тергөө абагына камакка алынган эле. (КЕ)

XS
SM
MD
LG