Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:57

Кошуна Казакстанда кулчулукка кабылган таластык мигранттар көбөйдү


2012-жылдын январь айынан бери Талас облусунун тургундарынын арасында эмгек кулчулугуна кабылгандардын саны 60тан ашты. Алардын көпчүлүгүн коңшу Казакстан менен Орусияга иш издеп баргандар түзөөрүн “Азаттыкка” аймактагы “Айкөл” деп аталган демилгелерди өнүктүрүү борборунун кызматкери Аймира Жумашева кабарлады. Анын айтымында, бул сан аталган борборго кайрылган жарандар аркылуу такталганы гана. Иш жүзүндө кулчулукка кабылгандар мындан дагы көп болушу ыктымал. Иликтөөлөргө ылайык, кулчулукка көбүнчө Казакстандын Жамбул облусуна жакын жайгашкан Таластын Манас, Кара-Буура райондорунун тургундары кабылаары байкалган.

Адам сатуу фактылары тынымсыз көбөйүп баратканын эл аралык уюмдар да тастыктап келишет.(MbA)

XS
SM
MD
LG