Эртең, 11-октябрда Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы көркөм-сүрөт музейинде “Эрте турмуш куруунун тескейлери” деген темада сүрөт көргөзмө ачылат. Иш-чара 11-октябрь - Эл аралык кыздар күнүнө карата уюштурулууда. Көргөзмөдө кыздардын жеке жашоосундагы урунтуу окуялары, эрте турмуш кургандардын тагдырлары да чагылдырылган. Көргөзмө БУУнун калкты жайгаштыруу боюнча фондунун (ЮНФПА) колдоосу менен өтөт.
Бул күн быйыл биринчи ирет белгиленип жатат.(КЕ)
Бул күн быйыл биринчи ирет белгиленип жатат.(КЕ)