Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:53

"Тойота" 7 миллиондон ашуун унааны чакыртып алат


Жапон компаниясынын соңку жарыясына караганда, ал бүткүл дүйнө боюнча 7 миллион 430 миңдей унааны айнекти ачып-жабууга ток берген жабдуудагы бузукту оңдоо үчүн чакыртып алууда.

"Тойотанын" айтымында, ал мындай чараны өндүрүштөн 2005-2010-жылдары  чыгарылган автоунаалар боюнча АКШ, Кытай, Европадан ондогон даттануулар түшкөндөн кийин көрүп жатат.

Компания миллиондогон унааны чакыртып алуунун чыгымы канча турарын айткан  жок. Буга чейинки мындай ири окуя 1996-жылы болгон. Анда "Форд" компаниясы 8 миллиондой унааны от алдыруучу тетигиндеги бузукту оңдоо үчүн чакырткан. (UE)

 

XS
SM
MD
LG