Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:52

Орусияда “Pussy Riot” тобунун бир ырчысы абактан чыгарылды


Абактан бошотулган Екатерина Самуцевич ортодо. 10-октябрь, 2012-жыл.
Абактан бошотулган Екатерина Самуцевич ортодо. 10-октябрь, 2012-жыл.
Москва шаардык соту бүгүн үч ырчынын мурдагы сот өкүмү боюнча аппеляциялык арызын караганда, алардын бири Екатерина Самуцевичтин жазасын жеңилдетип, шарттуу кести. Калган экөөнүн жазасын мурдагыдай калтырды

"Pussy Riot" тобунун үч ырчысы Москванын борбордук чиркөөсүндө быйыл кышта өткөргөн акция учурунда “диний жек көрүүчүлүк жүйөсүнөн улам бейбаштык кылган” деп айыпталып, августта эки жылдык мөөнөткө түрмөгө кесилген.

Ырчылар чиркөөдөгү акция аркылуу Путиндин президенттикке кайра келишине нааразылык билдирүүнү көздөгөнүн айтышкан. Сот өкүмү эл аралык коомчулуктун кескин сынына кабылган. (UE)

XS
SM
MD
LG