Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:19

Мурдагы министр Сабировдун соту жылдырылды


Мурдагы социалдык өнүктүрүү министри Равшанбек Сабировдун соту мамлекеттик айыптоочунун келбей калганына байланыштуу 17-октябрга жылдырылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” адвокат Икрамидин Айткулов кабарлады. Бүгүн Равшан Сабиров көрсөтмө берип, сот өкүмүн угузары айтылып жаткан.

Өткөн аптадагы соттук жараянда Сабировдун ошол кездеги орун басары, андан кийин аталган министрликте департамент башчысы болуп турган Гүлнара Дербишова да күбө катары көрсөтмө берген.

Мурдагы социалдык өнүктүрүү министри Равшанбек Сабировго Башкы прокуратура тарабынан “ири өлчөмдө пара алган” деген айып тагылып, 5-июль күнү камакка алынган. 25-июлда соттун чечими менен анын баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, үй камагына чыгарылган. Анын орун басары Гүлнара Дербишева да ушундай эле айып менен 31-август күнү кармалып, учурда УКМКнын тергөө абагында. Буларга чет өлкөлүк жарандарга бала асыроого уруксат берүүдө коррупциялык иштерге аралашкан деген айып тагылууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG