Москвада апелляциялык сот жергиликтүү Пуси Райот панк тобунун бир мүчөсүн шарттуу бошотту. Президент Путинге каршы чиркөөдө ырдап чыккан панк топтун дагы эки мүчөсүнүн эки жылдык түрмө мөөнөтү өзгөрүүсүз калды. Үч кыз август айында диний жек көрүүчүлүктү козутуп, бейбаштык кылган деген кине менен эки жылга кесилген эле. Сот кечээ Екатерина Самуцевичтин түрмө мөөнөтүн өтөөнү кийинкиге калтырды. Бирок Надежда Толоконникова менен Мария Алехина эки жыл абакта отура турган болду.