Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:31

Кыргыз-тажик жазуучусунун мааракеси Тажикстанда өтөт


Кыргыз жана тажик тилдеринде жазган Мырзахалил Каримовдун торколуу тою Дүйшөмбү калаасында октябрдын этегинде белгиленет.

Тажикстандын Жерге-Тал районунда 1952-жылы 29-декабрда туулган Каримов "Азаттыкка" тажикче жазган жалгыз кыргыз жазуучусу катар аны Тажикстандын маданият министрлиги 60 жылдык мааракесин белгилөөгө чакырып жаткандыгын билдирди. Жолдун татаалдыгына байланыштуу тажик тарап мааракени декабрдын этегинде эмес, октябрда өткөрүүнү сунуш эткен.

«Кыя жолдор», «Зындан», «Кара-Тегин» өңдөнгөн чыгармалары менен белгилүү болгон Каримовдун Кыргызстандагы кызылкыялык тажиктер тууралуу «Үч-Коргон» деген журналисттик иликтөөсү Тажикстанда жылуу кабыл алынган.

Журналист жана котормочу катары да таанымал жазуучунун «Алтын көпүрө» очерктер жыйнагы Кыргызстанда өткөн айда жарык көрдү.

jch

XS
SM
MD
LG