Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:00

«Ата Журт» партиясы Ошто митинг өткөрөт


Бул тууралуу партиянын төрага орун басары Данияр Жаныкулов билдирди. Жаныкуловдун айтымында, Оштун борбордук аянтында өтчү нааразылык акциясында 3-октябрдагы митингде бийликти басып алууга аракет кылган деген айып менен камакка алынгандарды бошотуу талабы коюлат.

Уюштуруучулардын айтымында, “Ата Журттун” лидерлерине саясий буйрук менен оор беренелердин негизинде айып тагылууда.

Митинг мөөнөтсүз болуп, талаптар аткарылмайын улантылаарын партия өкүлдөрү кабарлашты.

Ошол эле учурда Камчыбек Ташиевди коргоо комитетининен билдиришкендей, ушул эле талап менен Жалал-Абадда 23 адам ачкачылык акциясын улантып жатат.(BkA)

XS
SM
MD
LG