Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:49

Түркияга мажбурлап кондурулган учак Дамаскка учуп кетти


Түркияда конууга мажбурланган сириялык жүргүнчү учак Анкарадан Дамаскты көздөй учуп кетти. Москвадан келаткан учакта Сирия өкмөтүнө багышталган оор техника бар деп шектенип, согуш учактары менен Анкарада конууга мажбурлашкан. Бир аз убакыт өткөн соң ичинде 37 жүргүнчү бар учакты Түркия бийликтери Дамаскка учушуна уруксат берди. Түркиялык журналисттердин жазышынча, учактан эч кандай курал табылган эмес.

Ошол эле учурда Орусиянын ИТАР-ТАСС агенттиги учакта 17 орусиялык жаран бар болгонун кабарлады.(BkA)

XS
SM
MD
LG