Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:26

Таласта жол кырсыгы кескин көбөйдү

Талас облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Максат Абдысеитовдун “Азаттыкка” айтымында, быйыл жол кырсыгы өткөн жылга салыштырмалуу кескин өскөн. Бир айдын ичинде эле 8 жол кырсыгы катталып, 14 адам ажал тапты. Алардын үчөө өспүрүмдөр. Тогуз айда кырсыкты алдын алуу боюнча ар кандай 40тан ашуун рейд өткөрүлдү. (MbA)
​
XS
SM
MD
LG