Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:56

Кыргызстанда “Оскар” комитети түзүлөт


Кыргызстанда "Оскар" комитетин түзүү демилгеси көтөрүлдү. “Кыргызфильм” улуттук студиясынын башкы жетекчиси Таалай Кулмендеевдин “Азаттыкка” билдиришинче, комитет курамы белгилүү кино сынчылар, режиссер, сценаристтерден түзүлөт. Алар америкалык “Оскар” сыйлыгынын “Эң мыкты чет элдик тасма” номинациясына электен өткөн тасманы сунуштоо вазийпасын аткарышмакчы.

- Буга чейин “Оскарга” көргөзүлгөн “Теңгри”, “Ээнсиреген үй” тасмалары коомдо ар кандай пикирлерди жаратты. Ошол себептүү ушул комитетти түзүүгө мажбур болдук”-деди Кулмендеев.

Комитет ушул жылдын ноябрь айынан тарта ишке киришет. (ST)

XS
SM
MD
LG