Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:29

Таласта төө буурчактын баасы өсүүдө


Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн регионду өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Сагынаалы Осмонбековдун айтымында, жаңы өндүрүлгөн төө буурчактын баасы сентябрда 30 сомдон башталган болсо, учурдан анын наркы килограммына 44 сом болууда. 10-октябрга чейин 6 миң тонна же болбосо 248 млн. сомдук төө буурчак чет мамлекеттерге экспорттолгон.

Быйыл облус боюнча 45 миң 431 гектар аянтка төө буурчак айдалып, 70 миң тоннадан ашуун түшүм жыйналган. Таластын төө буурчагы Түркия баштаган 10дон ашуун өлкөлөргө экспорттолот. (MbA)

XS
SM
MD
LG