Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:59

Кыргызстан-Орусия реадмиссия келишимине кол койду


Бүгүн мамлекеттик “Ала-Арча” резиденциясында Кыргызстан менен Орусия ортосунда мигранттарга караштуу реадмиссия келишимине кол коюлду. Документке Орусиянын Федералдык миграция кызматынын башчысы Константин Ромодановский жана ички иштер министри Зарылбек Рысалиев кол коюшту. Андан соң КМШ өлкөлөрүнүн миграция менен иш алып барган орган башчыларынын жыйыны өттү.

Келишимдин негизги максаты – мыйзамсыз мигранттарды мекенине кайтаруу боюнча кызматташуу. Келишим Орусиядагы кыргыз мигранттарынын жүрүшүн катаалдантпайт, бирок эки тарапка тең милдет жүктөйт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG