Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июнь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:42

Абдрасул Токтомушевдин 100 жылдыгы белгиленүүдө


Бишкекте Кыргыз эл акыны Абдрасул Токтомушевдин 100 жылдыгы белгиленүүдө. Бул мааракеге байланыштуу Улуттук китепканада маркумдун чыгармачылыгына арналган китеп көргөзмөсү ачылды. Анда жазуучунун чыгармалары, гезит-журнал бетине жарыялаган макалалары коюлмакчы. Абдрасул Токтомушев 1912-жылы Чоң-Кемин айылында туулган. Ал чоң акындардын катарына 1937-жылы жарык көргөн “Какшаалдан кат” поэмасы менен кошулган. Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси.

Жазуучулар союзунун төрагасы Чолпонбек Абыкеевдигн айтымында, Абдрасул Токтомушев чебер котормочу да болгон. Пушкиндин, Лермонтовдун, кубалык акын Николай Гильендин ырларын кыргызчалап, кыргыз адабиятынын казынасын байыткан.

XS
SM
MD
LG