Аялдардын укугун коргоо жаатында иштеген уюмдардын ондон ашуун өкүлдөрү, укук коргоочулар бүгүн Жогорку Кеңенштин имаратынын алдына митингге чыкты. Алар Кылмыш жаза кодексинин 155-беренесине өзгөртүү киргизүүнү колдоп жатышат. ошондой эле укук коргоочулар айрым депутаттардын “кыз ала качуу - салт” деген пикирлерине каршы болушууда.
Кечээ парламент бул маселени карап, кыз ала качуунун жазасын 5 жылдан 7 жылга чейин көбөйтүүнү талкуулаган. Кээ бир депутаттар бул мыйзам кабыл алынса, ала качты деп акча өндүргөн шылуундар пайда болорун да белгилешкен. Бир катар талаш-тартыштардан кийин аталган мыйзам долбоорго добуш берүү бүгүнкүгө жылдырылган болчу.
Кыргызстанда ала качуунун айынан адам өмүрүнө залал келген учурлар көп катталып жатат. Акыркы эле учурда Ысык-Көл облусунда ала качуунун курмандыгы болгон үч кыз өз жанын кыйганы белгилүү. (КЕ)