Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:17

Өзбекстан менен АКШ маңзатка каршы биргелешип күрөшөт


Бул боюнча меморандумга бүгүн Ташкенде Өзбекстандын ички иштер министринин орун басары Адхам Ахмедбаев менен Кошмо Штаттарынын Маңзаттарга каршы күрөш башкармалыгынын Жакынкы Чыгыш жана Борбор Азия боюнча регионалдык директору Марк Дестито кол коюшту. Өзбекстандын Маңзаттарды көзөмөлдөө боюнча маалымат борборунан билдиришкендей, былтыр өлкөдө 5,5 тонна апийим опуздалган. Бул эки жыл мурдагыга караганда, дээрлик 1 тоннага көп дегенди билдирет. Өзбек бийликтеринин кабарына караганда, коңшулаш Ооганстанда өндүрүлгөн наша Борбор Азия аркылуу Орусияга жана Батышка мыйзамсыз өткөрүлүп жүрөт. Былтыр өзбек жеринде баңги аткезчилигине байланышкан кылмыштар менен 107 чет өлкөлүк жаран кармалган.

XS
SM
MD
LG