Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:38

Тажикстан Иранга аба каттамдарын токтотуп койду


Тажикстандын мамлекеттик “Тажик Эйр” компаниясы да башка өлкөлөрдүн авиа компанияларындай эле, Иранда улуттук валюта риалдын кунунун кеткенине байланыштуу Тегеранга аба каттамдарын токтотуп койду. “Тажик Эйрдин” расмий өкүлү кабарлаганына караганда, Тегеранга 13-октябрга белгиленген келерки каттам токтотулду. Тажикстандан Иранга учактар аптасына эки ирет каттап турчу. Дүйшөмбү-Тегеран аба каттамы качан кайра жүрө баштаары белгисиз.

Расмий өкүлдүн айтымында, Тегеран аба майданы бардык чет өлкөлөрдүн аба компаниялары авиациялык майды ал жерде эл аралык валюталар (доллар же евро) менен сатып алышын талап кылып жатат. Ошол эле маалда Ирандан учактарга билеттер риал менен сатылууда. Жыйынтыгында риалды алмаштырыш кыйын болуп жатканын айтышууда. Акыркы бир нече аптада эле риал өз баасынын 30% жоготту. Ирандагы валюта кризисинен улам Малазиянын AirAsia жана Британиянын BMI компаниялары Тегеранга каттамдарын токтотуп коюшкан.

XS
SM
MD
LG