Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:21

Азери президенти мунай концорциумун сынга алды


Азербайжандын президенти Илхам Алиев Бритиш Петролиум мунай ишканасы жетектеген концорциумду начар иштеп жатат деп сынга алды. Аталган ишкана Азербайжандын Каспий деңизиндеги эң ири мунай кенин иштетет. Сыналгыдан сүйлөгөн сөзүндө Алиев мунай өндүрүү консорциум кетирген «бир катар» каталардан улам төмөндөп кетти деди. Бритиш Петролиум концорциумдагы эң ири акция кармоочу жана кендин оператору болуп саналат. Президенттин айтымында, Азери-Чираг-Гүнеши кениндеги өндүрүштүн төмөндөшүнөн Бакы өкмөтү 8 миллиард доллардан куру калды. Бритиш Петролиумдун Азербайжандагы маалымат өкүлү бул маселенин үстүнөн азери өкмөтү менен биргелешип иш алып барылат деп ишендирди.

XS
SM
MD
LG