Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:18

БУУ: кыздардын эрте турмушка чыгышы менен күрөшөлү


Бириккен улуттар уюму дүйнө мамлекеттерин кыздардын эрте күйөөгө берилишине каршы аракетти күч алдырууга чакырды. Ушул жумада биринчи жолу белгиленген эл аралык Кыз бала күнүндө жарыялаган билдирүүсүндө уюм жаш күйөөгө чыккан кыздар үйдө малай болуп, сексуалдык күңчүлүккө кабылаары, саламаттыгына жана билим алуусуна байланышкан укук бузууларга туш болоорун эскертет. Уюмдун божомолунда, жылыга дүйнө боюнча 10 миллион кыз 18 жашка чыга электе күйөөгө берилет.

Кыргызстанда кыздардын 12% эрте турмушка чыгат. ЮНИСЕФтин эсебинде, айыл жерлеринде бул сан 14% ашат. Эрте турмуш куруунун көйгөйлөрү тууралуу Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде кечээ ачылган көргөзмө бир жумага созулат.

XS
SM
MD
LG